Жаңылыктар
Алинур Такиров күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күч сынашат
Спорт
Алинур Такиров күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күч сынашат

Кыргызстандык спортчу Алинур Такиров Эстонияда өтүп жаткан жаштар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күч сынашат.

Такиров 70 кг салмакка чейинкилер арасында алгач Алжирдик спортчуну утуп, бирок кийинки беттешин Молдовалык балбанга уттуруп жиберген.

Каршылашы финалга жолдомом алгандыгына байланыштуу Алинур Такиров көңүл жубатуучу 3-орун үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган. Коло меделдар үчүн беттеш бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 13:30 орун алат.