Жаңылыктар
Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
Саясат
Чыныбай Турсунбеков Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды

Бүгүн, Жогорку Кеӊеште өткөн жыйындын шайлоо жыйынтыгында депутаттардын 88 добушу менен КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков атаандыштык негизде Жогорку Кеӊештин төрагасы кызмат ордуна шайланды. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин токтому кабыл алынды. Маалыматты ЖК басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал эми анын атаандашы – «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын өкүлү Исхак Масалиев 26 добушка ээ болду. Баарына каршы 3 добуш берилди.  

Жаӊы шайланган Жогорку Кеӊештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков зор ишеним көрсөткөнү үчүн өз кесиптештерине ыраазычылык айтуу менен, кыргыз парламентинин спикери катары өлкө кызыкчылыгы үчүн иштеп, калктын ишенимин актоо жаатында баардык аракетин жумшай турганын билдирди.

Эске салсак, 2016-жылдын 13-апрелинде Жогорку Кеӊештин мурдагы төрагасы өз ыктыяры менен ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткон. Ошондон улам, 20-апрелдеги шайлоо жыйынтыгында «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев менен «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев теӊ чыгып калгандыктан, жаӊы талапкерлер менен жаӊы шайлоо өткөрүү чечими кабыл алынган.