Жаңылыктар
Манас районундагы кыз-келиндер тикмечилик өнөрүн өздөштүрүштү
Аймак
Манас районундагы кыз-келиндер тикмечилик өнөрүн өздөштүрүштү

Талас облусунун Манас районундагы кыз-келиндер тикмечилик боюнча кыска курстарды аяктап, атайын тастыктамага ээ болушту. Мындай окутуулар райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы тарабынан уюштурулган. Белгилей кетсек, бул райондо дагы 3 топ үч башка адистиктер боюнча окуу программаларынан өтөөрү күтүлүүдө. 

Айжамал Сакеева Манас районундагы Ак-Таш айылынын тургуну. Беш баланын энеси. Бир топ жылдан бери бала карап үйдө үй тирилиги менен алек болуп келген. Өп-чап турмушта өзү дагы иштеп, үй-бүлөгө салым кошсом деп ойлойт. Айыл өкмөттөн атайын тизмеге кирип, райондук кесипчилик лицейден тикмечилик боюнча билим алуу үчүн курска келип калды. Эми мындан үйрөнгөнүн өлкөдө өнүгүп жаткан тигүүчүлүк тармагында колдонуп, ишке орношоорун айтат.

  

Манас районундагы кесипчилик лицейдин мугалимдери окуткан курстан Айжамалдан башка 15 айым тигүүчүлүк сертификатына жетишти. Алар тигүүнүн баардык ыкмаларын үйрөнүүгө жетишип, 3 ай ичинде өздөрүнө мына мындай спорттук формаларын тигип сынак тапшырышты.
Андан тышкары, райондогу реабилитациялык борбордо тарбияланып жатышкан кичинекей жеткинчектерге мына мындай формаларды тигип беришип, балдарды кубантышты.

Белгилей кетсек, Манас райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын бул долбоору 42 миң 700 сомду түздү. Бул каражатка чыгымдалган материалдар жана окуткан мугалимдерге айлык акы чегерилген.