12-августта Токмоктогу темир жол станциясында поезд кырсыкка учурады. Транспорт катуу ылдамдыкта баратып, токтоп турган вагондорду сүзгөн. Натыйжада, 13 вагон жолдон чыгып кеткен. Анын кесепетинен бир киши жаракат алып, учурда ооруканада. Кыргыз темир жолунун тарыхында мындай ири авария биринчи жолу катталууда. Болжолдуу маалыматтарга караганда, локомотивдик бригада инструкцияны бузуп, андагы темир жолдук түзүм жана 25 вагон ылдамдыгын башкара албай калган.
Кырсык саат 12-августта 22:30дар чамасында болгон. Анда “Интергласс” жоопкерчилиги чектелген коомунун 25 вагону менен чыккан локомотив катуу ылдамдыкта келип, Токмок темир жол бекетинде токтоп турган жүк ташуучу вагондорду сүзгөн. Окуядан кырсыкка учураган тепловоз жараксыз абалда. 13 вагон рельстен чыгып кеткен, учурда аларды жеринен жылдыруу иштери жүрүп жатат. Кырсыктын кесепетинен 58 жаштагы локомотивдин айдоочусу жаракат алган. Ал Токмок шаардык ооруканасына жеткирилген.
13-август күнү таңкы саат сегизде кайрадан поезддердин кыймылы жанданды. Учурда адаттагыдай эле Балыкчы - Бишкек каттамы өз багыты боюнча жүрүүдө. Кырсык болгон жерде атайын түзүлгөн комиссия иш алып барууда. Комиссиянын жыйынтыгы бир жуманын ичинде чыгаарын адистер билдиришти.