Жаңылыктар
Эл аралык чек ара коопсуздугу талкууланды
Чек ара
Эл аралык чек ара коопсуздугу талкууланды

Чек ара коопсуздугу талкууланууда. Он экинчи жолу өтүп жаткан эл аралык жыйын Бишкекте өтүп жатат. Отурумга Борбор Азиядагы Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстандын жана Ооганстан, Орусия мамлекеттеринин өкүлдөрү катышууда. 

Андан тышкары Евробиримдикке кирген Австрия, Латвия, Литва, Финляндия сыяктуу бир катар өлкөлөрдүн өкүлдөрү да келип, чек арадагы ар кандай маселелер боюнча сүйлөшүү жүргүзүүдө. Жыйындын өзөгүн бул жолу Борбор Азия чек арасынын коопсуздугун сактоо жана көзөмөлдү күчөтүү түздү. 

Анда негизинен экстремизмге каршы туруу, аралаш миграциялык агымды көзөмөлдөө жана чек ара аркылуу соода жүгүртүүгө колдоо көрсөтүү маселелери козголду. Эки күнгө уланган жыйында катышуучулар чек ара коопсуздугун сактоо боюнча тажрыйбаларын алмашат. 

Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан, Борбор Азия мамлекеттеринин укук коргоо органдары жана чек ара кызматтары мамлекеттик чек арага келгенде дыкат иш алып барышы керек, деди. Ал Евробиримдик менен Борбор Азия ортосундагы коопсуздук боюнча келишимдерге дагы токтоло кетти.