Жаңылыктар
Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда
Ден соолук
Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда

12-августта Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургиялык борборго жөнөтүлгөн Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкуловдун абалы оор бойдон калууда. Ал жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат. 

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаевдин биздин каналга билдиргенине караганда, аталган оорукананын академиги Александр Потапов бейтапты өзү карап чыкты. 

Ошондой эле, дарыгерлердин жыйыны өтүп, анда Курманкуловду мындан аркы дарылоо иштери талкууланды. Москвага Курманкуловду жубайы да коштоп келген. Ага убак-убагы менен бейтаптын жанында болууга уруксат берилди.

Эске салсак, 7-августта Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда Самат Курманкулов оор жаракат алып, баш сөөгү жабыркап, мээси чайкалган. Ага эки ирет операция жасалган.