Испаниянын Вентальо шаарчасында чагылган унаалар токтоочу жайга жана дөңгөлөктөр менен жүргөн үйлөргө келип түшкөн. Чагылган түшкөндөн кийин чоң өрт башталган.
Жыйынтыгында тилсиз жоо 1 миң 500 чарчы метр аянтка жайылган. Өрткө каршы алты өрт өчүрүүчү унаа иштеген. Өрттүн кесепетинен дөңгөлөктөр менен жүргөн кырк үй күйүп кетти. Азырынча жаракат алгандар тууралуу маалымат жок.