Жаңылыктар
Австралияда август айынын ортосунда кар жаады
Дүйнө
Австралияда август айынын ортосунда кар жаады

Австралияда август айынын ортосунда кар жаады. Үстүнө бак кулаган аял каза болуп, бир канча адам жаракат алган. Акыркы отуз беш жылда жаабаган калың кар Австралиянын түштүгүнө жаады. 

Виктория жана Түштүк Уэльс штаттары жергиликтүү калкты жолдордо көптөгөн кырсыктар болуп жаткандыктан, унааларын айдабоого чакырышты. Куткаруучулар отузга чукул адамды ал аймактан чыгарып кетишти.