Жаңылыктар
Кыргызстандын ички дүң өнүмү өткөн жылдагыдан 6,9 пайызга өстү
Экономика
Кыргызстандын ички дүң өнүмү өткөн жылдагыдан 6,9 пайызга өстү

2019-жылдын январь-июлунда Кыргызстандын ички дүң өнүмү 284 млрд. сомду түзүп, өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырмалуу 6,9 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады. 

«Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда быйылкы жети айдагы эсеп 251 млрд. сом болуп, 3 пайызга өстү. Өкмөт буга чейин 2019-жылдын алты айынын жыйынтыгын чыгарган учурда өлкөнүн ички дүң өнүмү 232 млрд сомду түзүп, 6,4 пайызга өскөнүн билдирген. 

2018-жылы өлкөнүн жалпы ички дүң өнүмү 557 млрд. сомду түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 3,5 пайыз өсүү катталган. Мунун 48 миллиарды Кумтөргө туура келет.