Жаңылыктар
Президент шайлоо мыйзамдарынын топтомуна кол койду
Шайлоо 2023
Президент шайлоо мыйзамдарынын топтомуна кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган шайлоо мыйзамдарынын топтомуна кол койду. Кабыл алынган мыйзамдар Кыргызстандын шайлоо мыйзамдарын өркүндөтүүгө багытталган жана аны менен бир нече мыйзам актылары өзгөртүлөт. 

Анын ичинде президентти, парламентти шайлоо, референдум жөнүндө, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо, жергиликтүү өз алдынча башкаруу, жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу, борбордун статусу жана Ош шаарынын статусу жөнүндөгү мыйзамдар бар.