Жаңылыктар
Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы өтөт
Маданият
Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө эл аралык мода фестивалы уюштурулат. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты. Билдирүүгө ылайык, "Көчмөндөр модасы: Ысык-Көл-2019" аталышындагы иш-чара 20-21-август күндөрү Бостери айылындагы "Dordoi Nomad" амфитеатрында өтөт. 

Ага Россия, Кытай, Азербайжан, Кипр, Буратия, Монголия, Якутия, Калмыкия, Корея, Индия, Иран, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Кыргызстандын дизайнерлери чогулат.

Фестивалда ар кыл улуттун кийим-кечеси көрсөтүлүп, иш-чара ыр-күү менен жыйынтыкталат.