Жаңылыктар
Курсан Асановго карата кылмыш иши козголду
Кылмыш
Курсан Асановго карата кылмыш иши козголду

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго карата Аскер прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, генерал-майор учурда сурак берип жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. 

Маалыматка ылайык, иш Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча козголгон. Асанов кечээ кызматынан алынган. Ага "кыргыз милициясына чыккынчылык кылды, ишенимден кетти" деген кине коюлган.

Аскер прокуратурасы «милициянын кызыкчылыгын саткан» деп кызматтан алынган Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго козголгон кылмыш ишин иликтеп жатат. Бул маалыматты Башкы прокуратуранын маалымат катчысы Наргиза Куватова билдирди. 

Анын маалыматына караганда, Асановго карата Жазык кодексинин 320-беренеси «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» боюнча ачылган иш Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери жүрүүдө. Иш Аскер прокуратурасына 13-августта келип түшкөн. 

13-августта Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Курсан Асановду кызматтан алган. Ага Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматы 7-8-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында «милициянын кызыкчылыгын саткан жана ага карата ишенимдин жок болгондугу аныкталды» деп чыгарган чечими себеп болгон.