Жаңылыктар
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгы белгиленет

Мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Уюштуруу комитети түзүлдү.

Тиешелүү чечимге Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Бул чечим мааракени натыйжалуу уюштуруу жана өткөрүү үчүн мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин жетектөө жана координациялоо максаттарында кабыл алынды.

Абдыкадыр Орозбековдун 130 жылдыгын уюштуруу жана өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлдү. Ага ылайык, илимий-конференция өткөрүү, Бишкек шаарында мемориалдык такта орнотуу жана А.Орозбеков атындагы музейде оңдоо-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү жана башка бир катар иш-чаралар пландалууда.