Жаңылыктар
Эсептөө палатасынын пара талап кылган инспектору кармалды
Коррупция
Эсептөө палатасынын пара талап кылган инспектору кармалды

Пара талап кылган Эсептөө палатасынын инспектору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин расмий өкүлү Рахат Сулайманов билдирди. 

Маалыматка ылайык, УКМКнын коррупцияга каршы кызматынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын инспектору Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен пара талап кылгандыгы аныкталган. Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 

Кармалган инспектор күнөөсүн мойнуна алгандыгы тууралуу арыз берип, ошол эле күнү ага карата Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан үй камагына чыгаруу боюнча баш коргоо чарасы каралган. Ал эми мекеменин кызматкерине карата сот эч жакка кетпөө боюнча баш коргоо чарасын кабыл алган. Азыркы убакта тергөө жүрүп жатат.

"Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук комитети жүргүзгөн ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Эсептөө палатасынын инспектору, Ленин райондук №1 Үй-бүлөлүк медицина борборунун кызматкерлеринен 200 миң сом пара талап кылган. Апрель айында аталган мекеменин кызматкери инспекторго 60 миң сом берген. Калган каражатты кызматкерлерден чогултуп бермек",- деп билдирди УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов.