Жаңылыктар
Ноокат районундагы айылдар Бирдиктүү терезе тартибине өттү
Аймак
Ноокат районундагы айылдар Бирдиктүү терезе тартибине өттү

Оштун Ноокат районунун Мирмахмудов айыл өкмөтү Бирдиктүү терезе тартибине өттү. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылынын алкагында ишке ашкан мындай кадам - элеттиктердин жашоо-шартын жеңилдетүүгө жана коорупциялык элементтерди жоюуга багытталат. 

Мында, кызмат көрсөтүүнүн бардык түрү ачык терезе аркылуу көрсөтүлөт. Аймактагы 10 орто мектеп менен 6 бала бакчага да интернет желеси тартылып, видео көзөмөлдөр орнотулду. Социалдык мекемелердеги иш ыргагын айыл өкмөт башчысы жумуш ордунда же, чөнтөк телефонуна орнотулган кызмат аркылуу кабардар болуп турат. Мирмахмудов айыл аймагында 6 айыл бар, анда 24 миң 500дөй адам жашайт.

"Жаранга кеңеш берүүдөн тартып, тийиштүү болгон бардык кызматтар көрсөтүлөт. Алсак, салык, камсыздандыруу, документтерди берүү",- деп билдирди Мирмахмудов айыл аймагынын адиси Шухрат Шамшидинов.  
"Мисалы мен, билдирме алыш үчүн бешикке баламды бөлөп коюп эле чуркап келе калдым. Мына беш мүнөткө жетпей алдым. Мурун деле келгем мындай иш үчүн, анда экинчи, үчүнчү кабатка чыгып-түшүп жүрүп, жарым күнүм кетти эле. Эми, жакшы болуп калыптыр, заматта кагаз колума тийди",- дейт Мирмахмудов айыл аймагынын тургуну Севара Акбарова.