Жаңылыктар
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолун оңдоо иши кызуу жүрүүдө
Аймак
Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолун оңдоо иши кызуу жүрүүдө

Балыкчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунда темирбетон түтүктөрүн орнотуу, темир жол өтмөктөрүн кеңейтүү, жасалма курулмаларды куруу сыяктуу жумуштар жүрүүдө. Андан кийин асфальт төшөө пландаштырылууда. 

Учурда 17 суу өткөрүүчү түтүктөрдүн 13 даанасы орнотулуп, 40 капсуланын 27 даанасы аяктаган. Бул туурасында Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат жыйынында айтылды. Ошондой эле региондорду өнүктүрүү программасынын алкагында, ушул жылдын 1-жарым жылдыгында аймактарда 13 автобус маршруттары кайра ачылып, 15и калыбына келтирилди. “Ош” Эл аралык аэропортунда жасалма учуу-конуу тилкесин кайра куруу аяктап, 400 метрге чейин узартылган тилкеге жаңы жарык коштолгон добуш берүүчү жабдуу орнотушту. 

Июнь айынан бери “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту Ош, Ташкент, Алматы жана Новосибирск шаарларынан каттамдарды кабыл ала баштады. “Исфана” жана “Кербен” аэробекеттерин кайра куруу иштери да аяктаган. Жалпысынан колдонуудагы жолдордун 411,6 чакырымы паспорттоштурулду. Жыл аягына чейин тиешелүү деңгээлде каржыланса 2 миң чакырымга чейин жеткирилет.

“Мындан тышкары, Каракол шаарына кире бериштеги жолдун курулушу ушул жылдын 1-октябрына чейин аяктайт. Жолдун курулушуна 108 млн. сом каралган. Тендерде 77 млн. сом сунуштаган фирма уткан. План боюнча курулуштун аякташы 1-октябрга туура келет. Бирок, биз, аткаруучу компанияны ал мөөнөткө чейин аяктасын деп шаштырып жатабыз. Андан тышкары, бул жылы Караколдо 9 чакырымдан ашык ички жол оңдолгон”,- деди Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев.