Жаңылыктар
Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири завод ачылды
Аймак
Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири завод ачылды

Нарын шаарында сүттү кайра иштетүүчү ири завод ачылды. Анын кубаттуулугу 150 тонна сүттү иштете алат. Заводдун директору Жолдошбек Айтакунов билдиргендей, ишкана сүт азыктарын жана сыр чыгарууну пландоодо. 

Учурда жергиликтүү калктан сүт алып, иштетилүүдө. Бул ишканада 25 адам иштеп жатат. Келечекте завод толук кандуу ишке киргенде жумуш орундарынын көбөйүшү каралууда.