Жаңылыктар
Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жаңы математика китеби сунушталды
Билим
Башталгыч класстардын окуучулары үчүн жаңы математика китеби сунушталды

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстардын окуучулары үчүн жаңы математика китебин сунуштайт. Китептер Орусиянын агартуу министрлиги ортосундагы келишим менен жергиликтүү менталитетке ыңгайлаштырылып чыгарылды. Ал окуучу үчүн колдонууга ыңгайлуу болуп, төрт тилде жарык көрдү.

Башталгыч класстар үчүн чыгарылган бул математика китеби  быйыл бардык мектептерге таркатылат. Китептер жаңы ыкмада даярдалып окуучулар үчүн логикалык жактан түшүнүүгө жеңил жана өспүрүмдөрдүн аң сезимин өстүрөт.  Алар буга чейин Орусиянын мектептеринде пайдаланылып, учурда жергиликтүү элдин менталитетине ыңгайлаштырылып чыгарылган.

Китептеги жаңычылдык мугалимдердин иштөөсүнө ыңгайлуу болуп, окуучулардын да кабылдоосуна жакшы таасир берет. Ошондой эле, аны менен иштөө, окуучуларга туура жеткирүү багытында өлкөнүн жети дубанынан келген мугалимдерге атайын семинар уюштурулду. Орусиялык жана жергиликтүү методисттер өткөн бул сабак жаңы окуу жылынан баштап окуучуларды жаңы ыкмада окутууга багытталган.

Министрлик китептерди чыгарууда басмаканаларга тапшырык берет. Мындай учурда басмакана автордук укук менен бирге китептин сапатын өз жоопкерчилигине алат. Ошондой эле министр жаңы окуу жылына болгон даярдык жана мектептердеги өзгөрүүлөр жөнүндө да маалымат берди.

Учурда 628 мектепте интернетке туташтыруу иштери аяктаган болсо, дагы 63 мектеп сентябрь айына чейин толугу менен уланат. Быйыл 156 миң окуучу биринчи класска бараары күтүлүүдө.