Баткен облусунун Көк-Таш-Ак-Сай унаа жолуна асфальт төшөлүүдө. Бул жол чек арага жакын жашаган тургундардын район борбору менен көз карандысыз каттоосуна шарт түзөт. Мамлекет тарабынан 50 млн. сом каражат бөлүнүп, 7 чакырым аралыкка асфальт төшөө каралган. Мындан сырткары чек ара айылдарын өнүктүрүү үчүн жол, суу, социалдык объектилердин курулушуна каражаттар бөлүнүп, учурда иштер жигердүү жүрүүдө. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков авймакта аткарылып жаткан иштер менен жеринен таанышты.
Асфальт төшөлүп жаткан 7 чакырым жол чек арадагы айылдарда жашаган тургундар үчүн мааниси чоң. Буга чейинки чек ара чырларында Баткен районунун айрым айылдары, Лейлек району толугу менен жана Сүлүктү шаары облус борбору менен каттамсыз калчу. Мындан улам 2014-жылы көз карандысыз Көк-Таш - Ак-Сай жолунун курулушу башталып, бүгүнкү күндө асфальттоо жумуштары жүрүп жатат.
Жалпысынан мамлекет тарабынан көз карандысыз жолдордун курулушуна 120 млн. сом каражат бөлүнүп, анын 50 млн. сомуна Көк-Таш - Ак-Сай жолуна асфальт төшөлүүдө. Мындан сырткары Ак-Сай - Рават жана Ак-Сай - Тамдык жолдорунун курулуш иштери улантылып жатат. Аткарылып жаткан иштерди текшерүү максатында Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков иш сапары менен аймакта болду.
Бул жылы мамлекет тарабынан Ак-Сай айылындагы мектепти капиталдык ремонттон өткөрүү үчүн жана 2 бала бакчанын курулушуна деп 20 млн сом каралган. Мындан сырткары 50 млн. сом 300 гектардан ашуун жерди өздөштүрүү үчүн сугат суу тутумуна бөлүнгөн. Бул аткарылып жаткан иштерге жергиликтүү тургундар да өз баасын беришүүдө.
Вице-премьер-минстр Жеңиш Разаков иш сапарынын жүрүшүндө Тажикстан менен чектеш жайгашкан Чоң-Талаа айылындагы бала бакчанын курулушу менен да таанышты. Республикалык казынадан 11 млн. сомдон ашуун каражат бөлүнүп, 34 орундуу балдар бакчасынын курулушу жүрүп жатат. Бул айылдагы бала бакча көйгөйүнүн чечилүүсүн шарттайт.
Жергиликтүү тургундар бул аткарылып жаткан иштерге оң баасын берип, Өкмөткө ыраазычылыгын билдиришти.