Жаңылыктар
Нарында санариптештирүү жылына карата бир нече долбоор ишке ашты
Аймак
Нарында санариптештирүү жылына карата бир нече долбоор ишке ашты

Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата Нарын облусунда бир нече долбоор ишке ашты. Алдыда дагы бир катар социалдык объектилер курулууда.

5 район, 135 айылдан турган Нарын облусунда 300 миңдин тегерегинде калк жашайт. Аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылына карата облуста бир катар алгылыктуу иштер аткарылууда. Атап айтсак, Нарын шаарындагы стадиондун реконструкциясы демилгечи жаштар, ишкерлердин колдоосу менен башталган. Ага 2 млн сомдой акча каражаты сарпталды.

Ошондой эле, аймакта чакан жана орто ишканалар ачылып, жумуш орундары пайда болду. Бул ишкана суткасына 150 тоннага чейин сүт иштетүүгө мүмкүнчүлүгү бар. Сүттү жергиликтүү калктан сатып алышып, түрдүү азыктар өндүрүлүүдө.