Жаңылыктар
Балбан Раймалы уулу Нурманбет эки алтын медалдын ээси болду
Спорт
Балбан Раймалы уулу Нурманбет эки алтын медалдын ээси болду

Кыргызстандык балбан Раймалы уулу Нурманбет өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк биринчиликте эки алтын медалдын ээси болду. Бул туурасында Бел боо күрөшү боюнча федерациянын президенти Валерий Фуфачёв билдирди. Турнир Өзбекстандын Алмалык шаарында өтүп, 28 өлкөнүн спортчусу катышкан. 

Кыргызстандан барган команданын курамында 10 спортчу болгон. Алар спорттун эмгек сиңирген чебери Нурбек Кожобековдун жетекчилиги астында чыгышкан. Турнирдин биринчи күнүндө өзбек күрөшү боюнча мелдеш болсо, экинчи күнү - бол боо күрөшү менен чыгышкан. Эки мелдеште тең Раймалы уулу Нурманбет чемпион аталды. 

Ал эми Санжарбек Жумабаев, Аскар Көчкөнов жана Айбек уулу Шернияз бел боо күрөшүнөн коло медаль тагынышты.