Кыргызстандык зыяратчылар ажылык амалдарын аткарып бүтүп, Мина өрөөнүнөн толугу менен Мекке шаарына кайтып келишти. Бул туурасында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалым болгондой, ажылар учурда кетүүгө камылга көрүшүүдө.
"17-августтан 1-сентябрга чейин мекендештерибиз Жидда - Бишкек, Жидда - Ош жана Медина - Ош багыттары боюнча өлкөбүзгө кайтышат", - деп айтылат маалыматта.
Быйыл Сауд Арабиясы Кыргызстан үчүн 6 миң 10 орун бөлгөн.