Жаңылыктар
Балдарды 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштей баштады
Билим
Балдарды 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштей баштады

15-августтан тартып "Электрондук каттоо" программасы менен мектепке кирбей калган балдарды Бишкек шаарынын мектептерине 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. 

Комиссиялар төрт райондун билим берүү борборлорунда иш алып барат. Онлайн түрүндө документ тапшыра албай калган ата-энелер арыз жазып, Биринчи Май райондук, Свердлов райондук, Ленин райондук жана Октябрь райондук билим берүү борборлоруна кайрылса болот. Комиссиялар 15-августтан 25-августка чейин иштешет.