Жаңылыктар
Балдарды мектепке электрондук кезек менен кабыл алуу өзүн актадыбы?
Билим
Балдарды мектепке электрондук кезек менен кабыл алуу өзүн актадыбы?

Өлкөдө 11-ирээт "Менин баламды мектепке алыңыз" акциясы старт алды.  "Мектепке электрондук жазылуу" долбоору ишке ашканы менен электрондук кезекке турбаган балдар бар. Ички миграциянын таасиринен аймактардан шаарга келген балдарды мектепке киргизүү ата-энелер үчүн кыйынчылыктарды жаратууда.  Билим берүү жана илим министрлиги кабарлагандай, 15-августтан тартып "Электрондук каттоо" программасы менен мектепке кирбей калган балдарды Бишкек шаарынын мектептерине 1-класска кабыл алуу комиссиясы иштей баштады. 

""Менин баламды мектепке алыңыз" иш-чарасын өткөрүүнүн алгачкы үч жылы абдан кыйын болду, шаарда каттоосу жок ата-энелердин балдарын мектепке кабыл алууда тоскоолдуктар көп болду. Бул маселелерди Билим берүү жана илим министрлиги менен чогу иштеп, чече баштадык. Азыр электрондук каттоонун кириши менен көп маселе чечилип, коррупциялык аракеттер азайды. Азыркы учурда Кыргызстан боюнча үч миңге жакын ата-эне балдарын мектепке киргизүү боюнча кайрылышты",- деп билдирди Балдардын укугун коргоо лигасы фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова.  

"Быйыл 2019- жылы Бишкек шаарында алгачкы ирээт пилоттук түрдө ишке ашкан "Балдарды электрондук каттоо" мектепке кабыл алуу долбоору жакшы жыйынтыктарын берди десек жаңылышпайбыз. Учурда Бишкек шаары боюнча 1-класска балдардын 90 пайызы электрондук каттоо аркылуу кабыл алынды. Кандайдыр бир себептер менен электрондук каттоодон өтпөй калган балдар үчүн райондук билим берүү борборлорунда атайын кабыл алуу комиссиялары иштей баштады",- деп маалымдады Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлү Айнура Кусеинова.

""Балдарды электрондук каттоо" долбоору ишенимдүү, ачык-айкын жана көз карандысыз система. Биринчиден программисттерден корголгон, система эч кимден коркпойт, эч кимди алдабайт. Бардыгы ачык-айкын ата-энелер өздөрү кезектерин карап, көрүп турушат",- деди "Мектепке электрондук жазылуу" долбоорунун координатору Төлөгөн Наматов.