Жаңылыктар
Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды
Саясат
Курсан Асановдун үйү тинтүүгө алынды

Курсан Асановдун үйү Аскердик прокуратура тарабынан тинтүүгө алынды. Бул маалыматты анын жактоочусу Икрамидин Айткулов таратты. 

Кечээ Курсан Асанов аскердик прокуратура кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча суракка чакырылган. Жактоочу бул боюнча кеңири маалымат айта албай турганын, анткени маалыматты таратпоо тууралуу кол койгонун кошумчалады. 

Эскерте кетсек, Курсан Асанов 13-августта министрдин орун басары кызматынан бошотулган.