Жаңылыктар
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды
Коррупция
Прокурордун жардамчысы пара менен кармалды

Токмок шаардык прокурорунун жардамчысы 3 миң доллар пара алып жаткан маалда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирди.

Прокурордун жардамчысы шаардагы ири өнөр жай ишканасынын кызматкери менен алдын ала келишип, алар кытай улутундагы жаранды кылмыш жоопкерчилигине тартуу менен коркутуп 15 миң доллар пара талап кылган.

Андан соң, Кыргызстандын аймагынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз сатып алганын айтып, топтолгон материалдарды тергөө органдарына өткөрүп, күйөөсүн депортация кылуу менен коркуткан.

Ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, факт Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси "Пара талап кылуу" боюнча Кылмыштар жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндөрүш иштери башталды. Кармалгандар УКМКнын Тергөө абагына камалды.