Жаңылыктар
Кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо көзөмөлдөнөт
Экономика
Кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо көзөмөлдөнөт

Өкмөт кен иштетүү объекттеринде экологиялык талаптарды сактоо маселесин өзгөчө көзөмөлдө кармайт. Бул туурасында Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында тоо-кен компаниясынын иши менен таанышкан учурда билдирди. 

Өкмөт башчынын иш сапары Чаткал районундагы "Жамгыр" алтын кенинен башталды. Анда үстүбүздөгү жылы алтын чыгаруучу фабриканын курулушун баштоо пландаштырылган. Аны бүткөрүү мөөнөтү 2021-жылга пландалган. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча кенде 6 тонна алтын бар. Инвестициянын жалпы көлөмү 2 миллиард сомдон ашык. Салыктар менен чегерүүлөрдү кошпогондо компания Чаткал районуна социалдык жардам катары жыл сайын 10 млн сом бөлөт. Белгилей кетсек, учурда кенде фабрика курулуучу аянтта бардык инженердик-геологиялык изилдөө иштери жасалып, жергиликтүү элдин катышуусунда коомдук угуулар өткөрүлдү.

Өкмөт башчы Жамгыр кениндеги компаниянын бардык өндүрүштүк пландарын толук кандуу ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Адистердин айтымында калдыктарды сактоочу жай ишенимдүү жана коопсуз болушу үчүн алдынкы технологияларга ылайык курулат. Мында кургак сактоо ыкмасы колдонулмакчы. Андан соң Мухаммедкалый Абулгазиев “ Кичи-Чаарат ” ЖАК байытуу фабрикасын ишке киргизүү аземине катышты. Фабрика Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында жайгашкан.

"Кичи-Чаарат" компаниясы 2008-жылы түзүлгөн. Куру-Тегерек, Сулуу-Тегерек тилкелеринде чалгындоо иштери аяктаган соң алтын-жез материалдарын алуу башталган. Бүгүнкү күндө фабрикада 500дөн ашуун адам эмгектенет, алардын ичинен 400дөн ашууну Чаткал районунун тургундары. Премьер-министр жергиликтүү бийлик органдары, ошондой эле жергиликтүү калк тарабынан инвесторлорду колдоонун маанилүүлүгүн айтты.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, ишкананын ишине тартылган жергиликтүү калк бардык техникалык жана экологиялык талаптардын так аткарылышын көзөмөлдөө боюнча мамлекетке жардам берүүгө тийиш.