Бишкекте спортчулар жана жай тургундар үчүн спорттук-реабилитациялык борбор түзүлдү. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Буга чейин Бишкекте иштеп келген Медициналык кеңеш берүү кызматы жана спорттук медицина борбору эми Спорттук-реабилитациялык борбор болуп өзгөрдү. Мекеменин негиздөөчүлөрү Саламаттык сактоо министрлиги менен Спорт агенттиги болуп саналат.
"Азырынча борборго кайрылгандар биринчи деңгээлдеги медициналык-санитардык жардам ала алат. Мекеме спортчуларды ден соолугуна кам көрүү, кеңеш берүү, амбулатордук көмөк көрсөтүү, келечекте организмдеги тыюу салынган заттарды аныктоо жана башка максаттарды көздөйт", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле, жаңы түзүлгөн борбордо тиешелүү бөлүмдөр ачыла тургандыгын белгилешти.