Жаңылыктар
Генри Сехудо Валентина Шевченко менен беттешүү ниетин билдирди
Спорт
Генри Сехудо Валентина Шевченко менен беттешүү ниетин билдирди

UFC президенти Дана Уайт уюмдун эң жеңил салмактагы чемпиону Генри Сехудонун Валентина Шевченко менен беттешүү ниети тууралуу пикирин билдирди. Бул туурасында "MMA Junkie" порталына жарыяланган.

"Өмүрүмдө биринчи жолу ушундай акылга сыйгыс нерсени угуп жатам.  Бирок Валентина макул болуптур. Эмне дээримди да билбей турам. Эми Сехудо жооп бериши керек, мындан аркы кадамы кандай болор экен?" - деген Уайт.

UFC уюмунун эки титулунун ээси Генри Сехудо кыз мушкер менен беттешип, тарыхта биринчи жолу гендер аралык чемпион болуу тилегин экинчи ирет жар салды. Шевченко таймашууга макул болгон жана атаандашына этият болууну эскерткен.

"Анын биринчи чакырыгын укканда аябай күлдүм. Мени жеңишим менен куттуктайт го деп күткөм. Эми менин эки каршылашым бар. Алар кайтадан эле Енджейчик жана Генри Сехудо", - деди Шевченко.

Ал ошондой эле ар бир киши каалоолорунан абайлашы керектигин, болбосо бир күнү анын бардык алтындарынан ажырап калышы мүмкүн экенин эскертти. Генри Сехудо - эки салмак категориясындагы чемпион. Ал мындай ийгиликке жетишкен UFC уюмундагы төртүнчү мушкер.

Эске салсак, 11-августта кыргызстандык Валентина Шевченко америкалык Лиз Кармушту жеңип, чемпиондук курун коргоп калган. 31 жаштагы мушкер кыз ушуну менен экинчи ирет чемпиондук титулун коргой алды. Биринчи жолу ал чемпиондук титулун Жессика Ай менен мушташып коргогон.