Жаңылыктар
Президент атамекендик ишканалардын иши менен таанышты
Экономика
Президент атамекендик ишканалардын иши менен таанышты

«Атамекендик товарларды чет өлкөлөрдүн рынокторуна чыгаруу — мамлекеттик органдар менен бизнестин биргелешкен милдети», — деди Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн «Бишкек» Эркин экономикалык аймагына барып, экспортко багыт алган бир катар атамекендик ишканалардын иши менен таанышкан учурда. 

Мамлекет башчысы өндүрүштүк процессти, чыгарылган продукцияларды көрүп, алардын жетекчилигинин көйгөйлөрүн укту. «Салкын» ЖЧКсынын байпак өндүрүү боюнча ишканасынын жетекчиси бул ишканага 20 миллион сомдон ашык инвестиция тартылганын айтты. Чыгарылган продукциялардын көп бөлүгү Казакстандын жана Россиянын базарларына жөнөтүлөт. 200 адам жумуш менен камсыз болгон. Президент ошондой эле желим, боёкторду, курулуш материалдарын жана жалаякшымдарды чыгарган «Пейванд» ЖЧКсынын иши менен да таанышты. Мында 18 адам иштейт, продукциялар алыскы жана жакынкы чет өлкөлөргө — Россияга, Казакстанга, Өзбекстанга, Тажикстанга жөнөтүлөт. 

Андан соң, мамлекет башчы айыл тургундарын таза суу менен камсыз кылууда пайдаланылуучу буюмдарды, материалдарды жана түтүктөрдү өндүрүүчү «Корона» ЖЧКсынын ишканасына барды. Ишканада 15 адам эмгектенет. 2019-жылдын биринчи жарымында чыгарылган продукциялардын жалпы наркы 1 миллион сомдон ашкан. Мамлекет башчысы бул ишкананын социалдык багыттагы ишкана экенин канааттануу менен белгилеп, өндүрүлгөн продукциянын сапаты өлкөнүн региондорун таза суу менен камсыз кылуунун сапатына тикелей таасир эте турганына көңүл бурду. 

Президент ишкер менен маектешүүнүн жүрүшүндө инвестицияларды, заманбап технологияларды тартуунун жана жумуш орундарын түзүүнүн маанилүү экенин дагы бир жолу белгиледи. Ал ошондой эле калктын турмуш деңгээлинин жогорулашына өбөлгө болуучу экспортко багыт алган ишканаларды көбөйтүү, өндүрүштү өнүктүрүү, заманбап транспорттук, өндүрүштүк жана социалдык инфраструктураны түзүү зарылдыгын баса белгиледи. Ишкерлер тарабынан айтылган бардык көйгөлүү маселелер боюнча мамлекеттик органдарга тийиштүү сунуштар берилери айтылды.