Балбан кыз Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында 68 кг салмакта финалга чыкты. Мелдеш Эстониянын Таллин шаарында өтүп жатат. Ал мелдештин жүрүшүндө төрт беттеш өткөрдү.
Алгач украиналык Кристина Малявканы 11:0, андан соң, орусиялык Кахум Валиеваны 1:1 жана чейрек финалда канадалык Берит Жонсонду 10:0 эсебинде жеңди. Жарым финалда америкалык Жэйден Лэй Лаурентти 11:0 эсебинде утуп алды. Эми алтын байге үчүн жапониялык Наруха Матсуюки менен күч сынашат.
Финалдык беттештер Бишкек убактысы боюнча саат 21:00дө башталат. Мээрим Жуманазарова жакында эле, 9-14-июль аралыгында Таиланддын Чонбури шаарында өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын медаль тагынган. Кыз-келиндер арасындагы мелдешке Кыргызстандан үч балбан кыз катышып жатат. Эртең, 16-августта 57 килограммга чейинки салмакта Нураида Анаркулова күчүн сынайт.