Жаңылыктар
Борбор калаадагы №19 мектептин имаратына кошумча окуу корпусу курула баштады
Билим
Борбор калаадагы №19 мектептин имаратына кошумча окуу корпусу курула баштады

Келерки жылдын жаңы окуу жылында имарат пайдаланууга берилет. Учурда шаардагы имараты тар мектептерди кеңейтүү демилгеси жигердүү ишке ашууда. Бул аракеттер шаардагы билим берүү мекемелеринин көйгөйүн канчалык деңгээлде чечет? POST1RIGHT


Шаардагы №19 орто мектептин имаратына кошумча курулуш иштеринин пайдубалын түптөө аземи өтүп, ага шаар башчысы мектептин жетекчилиги жана жергиликтүү тургундар катышты.

Мектептин эки кабаттуу жаны имараты ишке кирсе, кошумча дагы 200 баланын билим алуусуна шарт түзүлөт. Ал жерде окуу класстары, китепканасы, жана кошумча ийримдер үчүн бөлмөлөр болуп бардык шарттары каралган.

Мектептин кошумча имаратын курууга жергиликтүү бюджеттен 45 млн сом каражат бөлүндү. Имарат буга чейинки окуу корпусу менен бириктирилет.

Белгилей кетсек, долбоор мэриянын окуу орундарын көбөйтүү долбоорунун алкагында ишке ашууда. Буга чейин шаарда мектеп окуучуларынын көптүгүнөн бул программаны иштеп чыгуу муктаждыгы турганын мамлекет башчысы демилгелеген.