Жаңылыктар
Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдык мааракеси Тосор айылында белгиленет
Маданият
Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдык мааракеси Тосор айылында белгиленет

Залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдык мааракеси 16-августа Ысык-Көл облусундагы Жети-Өгүз районунун Тосор айылында башталат. Үч күнгө созулуучу иш-чарага Кыргызстандын айтылуу манасчылары катышып, өз өнөрлөрүн сунуштайт. Улуу манасчынын мааракеси маданий программалар менен коштолот.


Даңазалуу улуу манасчынын мааракеси көгүлтүр көлдүн түштүгүндөгү жер соорусу Жети-Өгүздүн, айтылуу Жанек баатыр жердеген Тосор айылында өткөрүлөт. Таланттуу манасчылардын өнөрлөрү үч күн бою үзгүлтүксүз жаңырмакчы.

Кыргыз рухунун туу чокусу болгон Манас эпосун муундан муунга өткөрүп, сактоо менен бүгүнкү күнгө жеткирүүдө Саякбай Каралаевдин эмгеги зор. Анын айтуусу менен кыргыз элинин көркөм мурасы дүйнөгө таанылган.

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет. Мааракеге арналган салтанат күз айларында борбор калаанын Т.Сатылганов атындагы улуттук филармониясында өткөрүлөт.