Жаңылыктар
Демилгечил жаштар “Китепкөй улут” аттуу ураан менен, жалпы элди китеп окууга тартууда
Билим
Демилгечил жаштар “Китепкөй улут” аттуу ураан менен, жалпы элди китеп окууга тартууда

Билим жагынан өздөрүн да, өлкөнү да өнүктүрөбүз деп максат койгон жигердүү жаштар "Китепкөй улут" ураанынын алдында биригип, жалпы муундун өкүлдөрүн китеп окууга тартуу аракеттерин көрүүдө. Алар буга чейин борбордук "Ала-Тоо" аянтында "Китепкөй Ала-Тоо" акциясын өткөргөн эле. Ал эми бүгүн улуу муундагы окумуштуулар, акын жазуучулар менен жолугуп, китеп окуунун ыкмалары, китепке болгон кызыгуу тууралуу жыйын курушту.


Заманбап технологиялардын өнүккөн учурунда китепти көп окугандардын санынын азайганын байкоого болот. Бул көйгөйдөн арылуу максатында өлкөнүн демилгечил жаштары “Китепкөй улут” ураанынын алдында биригип, жалпы элди китеп окууга тартуу аракеттерин көрүп башташкан. 11-июль күнү борбор калаанын Ала-Тоо аянтында башталган "Китепкөй Ала-Тоо" акциясы буга мисал. Айтымдарында борбордук аянт көпчүлүктүн жолугушуу аянты болгондуктан, ушул жерди китепкөйлөрдүн аянты болсо дешет.


Уюштуруучулар Токтоболот Абдумомунов атындагы кыргыз улуттук академиялык драма театрында китеп окуунун ыкмалары, китеп окууга кызыктыруу тууралуу жыйын өткөрдү. Жаштар улуу муундагы окумуштуулар, акын-жазуучулар менен биргеликте бул аракеттердин келечеги тууралуу маек курушту.


Кыргызстанды эң көп китеп окуган өлкөгө айландырабыз деп максат койгон жаштар, жыл башында өз демилгелери менен бир адамдан бир китеп долбоорун уюштурушкан. Анын алкагында жалпы элден чогулган 37 миң китеп аймактарда ачылган 52 китепканага тапшырылган. Мунун баары жаш муунду китеп окууга тартып, келечек муундун билимдүү болуп өсүүсүнө шарт түзүү дейт долбоордун негиздөөчүсү.