Жаңылыктар
Онкологиялык илдетке кабылгандар заманбап аппараттар аркылуу дарылана баштайт
Ден соолук
Онкологиялык илдетке кабылгандар заманбап аппараттар аркылуу дарылана баштайт

Онкологиялык илдетке кабылгандар жаңы, заманбап медициналык аппараттар аркылуу дарылана баштайт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри өлкөдөгү онкологиялык борборлордун жана ооруканалардын жарандарды тейлөөсү боюнча маалымат берип жатып билдирди. 

Анын айтымында Бишкектеги онкологиялык борбор капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн. Учурда медициналык жабдыктарга жарыяланган тендердин негизинде заманбап, кубаттуу аппараттар келе баштады. 

Ошондой эле, министр өз сөзүндө өлкөдөгү онкологиялык илдетке чалдыккандардын саны 27 миң адамды түзгөнүн, анын ичинен 18 миңи аялдар, 2 жарым миңи балдар экенин айтты.