Жаңылыктар
Атамбаевге төрт эпизод боюнча айып коюлду
Кылмыш
Атамбаевге төрт эпизод боюнча айып коюлду

Аскер прокуратурасынын тергөө тобу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге оор жана өзгөчө оор кылмыштарга шектүү катары маалымдама тапшырды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады. Башкы көзөмөл органынын маалыматына караганда, Атамбаев төрт эпизод боюнча айыпталууда.

Алар: Бишкек Жылуулук электр борборуна көмүр ташууда мамлекеттик жана энергокомпаниянын жооптуу кызматкерлери менен коррупцияны уюштуруу, «Прогресс Компаниясынын» кызыкчылыгын коргоо, Бишкек ЖЭБин оңдоп-түзөөдө коррупцияны уюштуруу, Тоо-кен тармагындагы жооптуу кызматкелер менен алдын-ала сүйлөшүп лицензия берүү боюнча коррупцияны уюштуруу боюнча Жазык кодексинин «Кылмышка аралашуу» жана «Коррупция» беренелери. 

Ошондой эле, Мыйзамсыз баюу жана С.Пархати жана башка адамдар менен алдын-ала келишип алып ири суммада кылмыштуу кирешелерди адалдоо боюнча Жазык кодексинин «Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу» беренелери.