Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо-кен ишканасы менен таанышты. Ишкана жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын кошулмаларын чыгарууда.
Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» ишканасында 350 адам иштейт. Анын 96 %ын жергиликтүү эл түзөт. Маалыматка караганда, ушул жылдын ноябрь айында алтын казган фабриканы куруу иштери башталат. Ал ишке кирсе, ишканадан 7 млрд. сом салык түшөт. Анын 2 млрд. сому жергиликтүү бюджетке которулат. Фабриканы куруу үчүн 850, ал эми өндүрүштү ишке киргизүүдө 600дөн ашык иш оруну түзүлөт.
Өкмөт башчы жаңы фабриканы курууга жер бөлүп берүү маселеси чечилгенин белгиледи. Ошондой эле, Премьер-министр Өкмөт уруксатты баш аламан берген системаны толугу менен четке чыгарып, лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербей тургандыгын айтты.
"Биз, тилекке каршы, лицензия берүүдөгү буга чейин түзүлүп калган шарттарды аргасыздан аткарып келгенбиз. Эми мындан ары көзөмөлсүз берүүгө жол берилбейт. Буга чейин компаниянын тарыхына анализ жасалбай, алардын иш планын билбей туруп, уруксат кагазы берилип келген. Эми биз бул иштерди тийиштүү деңгээлге гана чыгарбастан, мамлекеттин кен иштеткен компаниялардагы милдеттүү үлүшүн бекитип бердик. Бул эффективдүү кызматташтыкты, жергиликтүү эл менен туруктуу мамиле түзүүнү шарттайт жана бардык техникалык, экологиялык талаптарды сактоодогу көзөмөлдү күчөтөт”,- деп билдирди Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев.