Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосу оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул туурасында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен кабарлашты.
Концерттик залдын полу жана 2 миң 200 орундугу жаңыланып, сахнанын көшөгөсү алмашат. Ошондой эле, Спорт сарайынын астанасындагы дубалында атактуу спортчулардын сүрөттөрү коюлат. Кыргызстандагы ири спорттук жайда 2012-жылдан бери ремонт иштери болгон эмес.