Жаңылыктар
Атамбаевдин бөгөт чарасы каралууда
Саясат
Атамбаевдин бөгөт чарасы каралууда

Бир топ оор айыптар тагылып жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин бөгөт чарасы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратында каралууда.

Учурда сот башталганы кабарланууда, бирок бул тууралуу расмий маалымат бериле элек. Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина, КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева, Атамбаевдин үй-бүлө мүчөлөрү, журналисттер жана тарапташтары УКМКнын имаратынын алдында турушат.