Жаңылыктар
Табият кырсыктарынын кесепети
Кыргызстан жаңылыктары
Табият кырсыктарынын кесепети

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алды. Министр - Өкмөт башчыга Баткен, Жалал-Абад, Ош жана Чүй облустарында болгон сел жана жер көчкүлөр туурасында маалымат берди. 

Бороновдун айтымында акыркы кездеги табийгат кырсыктарынын кесепетинен келтирилген зыяндын көлөмү 7 жарым миллион сомго жеткен. Жаратылыш кырсыгынан негизинен инфраструктуралык объектилер - каналдар, көпүрөлөр, жолдор жабыркаган. Чүй облусу боюнча бир нече гектар чарба жери зыян тарткан. 

Учурда калк арасында жер көчкү коркунучу бар аймактардан көчүп кетүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Натыйжада, Ош облусунда турак-жайы кооптуу тилкелерде жайгашкан үй-бүлөлөр коопсуз жайларга көчүүгө макулдугун беришкен. 

Өкмөт башчы - ирригациялык тармактардын өз учурунда иретке салынбагандыгына байланыштуу жаратылыш кырсыктарынын кесепетинен келип чыккан зыян күч алып жатканын белгилеп, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен тыгыз иш алып баруу тапшырмасын берди.