Жаңылыктар
Тоң районуна каттаган чет элдик туристтердин каттамы өсүүдө
Туризм
Тоң районуна каттаган чет элдик туристтердин каттамы өсүүдө

Мындай маалыматты Тоң райондук администрациясы, жана туристтик компаниялар билдиришүүдө. Анда белгиленгендей 2017-жылы Тоң районуна сегиз миң чет элдиктер келсе, 2018-жылы алардын саны жыйырма миңге жакындаган. 

Аймакка туристтерди тартуу, аларды кызыктыруу максатында 12 түрдүү фестиваль уюштурулуп келет. Быйыл акыркы өткөрүлгөн алгыр куштар фестивалына эле эки миңден ашык чет элдик турист күбө болгон. 

Бул шартка ылайык Тоң районунда туристтик мекемелердин иши жанданып, жыйырма беш жол көрсөтүүчү гид иш алып барууда. Алардын көпчүлүгү чет тилдеринде эркин сүйлөп, кызмат көрсөтүшөт.