Жаңылыктар
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок
Саясат
Алмазбек Атамбаевдин баш коргоо чарасы өзгөргөн жок

Бишкек шаардык соту мурдагы мамлекет башчысын 26-августка чейин абакта кармоо тууралуу буга чейинки чечимди күчүндө калтырды. 

Бүгүнкү көчмө соттук отурум УКМКнын имаратында өттү. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотууга шектелүүдө. 

Ошондой эле Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция, Кой-Таштагы жер тилкесине мыйзамсыз ээлик кылуу, кен иштетүүчү ишканаларга лицензия берүүгө байланыштуу айыпталып жатат. 

Мындан сырткары 7-8-август күндөрү болгон окуяларга байланыштуу төрт эпизод боюнча да айып коюлган.

Соттук отурум убагында Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева УКМКнын имаратынын алдында жалпы коомчулукка кайрылуу жасады: