Жаңылыктар
Ак-Өлөң айылынын тургундары туруктуу жумуш орду менен камсыз болду
Экономика
Ак-Өлөң айылынын тургундары туруктуу жумуш орду менен камсыз болду

Тоң районунун Ак-Өлөң айылынын 11 тургуну туруктуу жумуш орду менен камсыз болду. Айылда тигүү цехи ишке кирди. Анын ачылышына жергиликтүү айыл өкмөтү имарат тарабынан көмөк көрсөткөн. 

Тигүү цехинде иштеген кызматкерлер буга чейин Бишкекке келип иштеп жүрүшчү. Мында ар бир кызматкер иштегенине жараша маяна алышат, анын көлөмү отуз миңге чейин жетүүдө. 

Тигүү цехин ачкан ишкердин билдирүүсүндө эмки жылдын жаз айлары менен өндүрүш кеңейип, дагы онго жакын айыл тургундарын туруктуу жумуш менен камсыз кылуу аракети бар. 

Тоң районунда жыл башынан бери 5 жаңы чакан ишкана ачылды,50 дон ашык адам туруктуу жумуш орду менен камсыз болду.