Жаңылыктар
Өкмөт башчы Аксыдагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты
Аймак
Өкмөт башчы Аксыдагы Ак-Терек каналынын курулушу менен таанышты

Өкмөт башчы Аксы районундагы Балагулов айыл округундагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, долбоор Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. 

Долбоордун жалпы сметалык баасы 48 млн. 832 миң сом. Каналдын курулушу 200 гектар жаңы сугат жерин иштетүүгө шарт түзөт. Муну менен катар Премьер-министр Аксыдагы Ак-Терек каналынын курулушу менен да таанышты. 

Бул канал ишке берилсе Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга шарт түзүлөт. Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң, Беш-Батман каналынын уландысы болот.