Жаңылыктар
Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы сквер болот
Кыргызстан жаңылыктары
 Москвада Чыңгыз Айтматов атындагы жаңы сквер болот

Бул тууралуу, Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Болот Отунбаев билдирди. Мындай чечим чыкканы жакында эле Москванын вице-мэри Леонид Печатниковдун төрагалыгы алдында өткөн маданий мурастар департаментинин жыйынында белгилүү болду. 

Отурумга катышкан Кыргызстандын элчиси - мындай чечимди баардыгы колдоого алганын кошумчалады. Эскерте кетсек, буга чейин Москванын Данилов районунда жайгашкан бакка белгилүү жазуучу Чыңгыз Айтматовдун атын берүүгө шаар аралык комиссия сунуш киргизген эле. Бирок ал бак сатылып кеткен болот. 

Кийинчерээк Москва бийлиги жерди мамлекетке өткөрүп кыргыз жазуучусунун атын берип отурат. Эми Чыңгыз Айтматов атындагы бакка барууну каалагандар аны “Тульск” метросуна жакын жерден таба алат. 

Мындан ары кыргыз элчилиги, кыргыз диаспоралары менен биргеликте бакты көрктөндүрүү үчүн ишембиликтерди өткөрүп турмакчы. Мындан тышкары Айтматовдун эстелигин тургузуу маселеси да каралууда. Бул үчүн кыргыз элчилиги Кыргызстандын маданият, маалымат жана туризм министрлиги менен бирге иш жүргүзөт.