Жаңылыктар
Улан Эгизбаевдин "Кыял" тасмасы Webby Awards сыйлыгына татыды
Кыргызстан жаңылыктары
Улан Эгизбаевдин "Кыял" тасмасы Webby Awards сыйлыгына татыды

Кочкор районунун Ак-Учук айылында жашаган тубаса майып Нургазы тууралуу тасма эл аралык Webby Awards сыйлыгынын "Дүйнөлүк мыкты видео" сынагында "Элдин добушу" деген категорияда жеңишке жетти. 

Бул тууралуу биздин каналга, тасманы тарткан "Азаттыктын" журналисти Уланбек Эгизбаев билдирди. Маалым болгондой, тасма беш мыктынын бири катары аталган сынакта ат салышты. Натыйжада, интернет аркылуу добуш бергендердин саны 2 миллион 300 миңден ашкан.

“Кубанычымда чек жок. Нургазы да кубанып жатат. Бул эми Кыргызстан үчүн да чоң сыймык десек болот. Анткени, буга чейин интернет Оскарына Кыргызстандан бир дагы тасма катышкан эмес экен. Кудай буйруса, сыйлык тапшыруу аземи 16-майда АКШда өтөт экен. Мен дагы бир чоң максат коюп жатам – ошол жерге Нургазыны алып барып келейин деп турам” - дейт Уланбек. 

Сынакка жалпысынан 65 өлкөдөн 13 миң видео тасма катышты. Быйыл 20-ирет өтүп жаткан сынакка вебсайттар, онлайн булактардагы фильмдер жана видеолор катышкан. Уланбек Эгизбаев тарткан “Кыял” аттуу тасмада майып жигиттин мыкты билим алуу тилеги, мектепке баруу үчүн квадрацикл сатып алсам деген асыл үмүтү сүрөттөлгөн.