Жаңылыктар
Өкмөт башчы Жалал-Абаддагы социалдык жана чарбалык объектилер менен таанышты
Аймак
Өкмөт башчы Жалал-Абаддагы социалдык жана чарбалык объектилер менен таанышты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев элеттеги олуттуу маселелерден жеринде кабар алууда. Бул жолу Премьер-министр Жалал-Абад облусунун Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы бир катар социалдык жана чарбалык объектилердин абалы менен таанышты. Анын жыйынтыгында көйгөйлөрдү чечүүнү тездетүү тапшырмалары берилди.

Өкмөт мындан ары кен иштетүүгө лицензияны көзөмөлсүз берүүгө жол бербейт. Мындан пикирин Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад облусуна жасаган жумуш сапарынын алкагында Терек, Тереккан жана Перевальное кендеринде иш алып барган тоо кен ишканаларынын иши менен таанышуу учурунда билдирди. Ишкана жылына 100 миң тонна кен өндүрөт. Учурда алтын жана күмүштөн турган флотациянын концентратын чыгарууда.

Жергиликтүү тургундар менен жолуккан Премьер-министр Өкмөт инвесторлорго айлана-чөйрөнү коргоо талабын коюуда, Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүүдөгү негизги шарт: мөңгүлөрдү сактоо, жаратылышка аяр мамиле кылуу, бардык экологиялык талаптарды сактоо, - деп белгиледи. Премьер-министр билдиргендей учурда кен иштетүүгө Өкмөт уруксатты баш аламан берген системаны толугу менен четке чыгарып, башка жол менен иш алып барууда.

Аксы районунун Өлөң-Булак айылындагы Масалбек Шатманов атындагы №28 мектепке кошумча корпус куруу маселеси абдан курч турат. Элүү беш жыл мурда салынган мектептин эскилиги жеткен. Экинчи жагы 90-жылдары жер көчкүнүн кесепетинен билим берүү мекемесинин көпчүлүк бөлүгү талкаланган. Кооптуу абалда турган мектептин жамааты жана жергиликтүү эл менен жолугушууга Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев келди.

155 окуучуга ылайыкталган мектепте азыр 400дөн ашык бала эки нөөмөттө билим алууда. 28 мугалим эмгектенет. Спорт залы менен ашканасы да жок. Мектептин жараксыз абалга келишине жана окуучулардын көп болгондугуна байланыштуу жаңы 280 орундуу билим берүү мекемесин куруу зарылдыгы бар.

Өкмөт башчы аймактарды өнүктүрүү программасынын алкагында социалдык маселелерге өзгөчө маани берилээрин белгилеп, тийиштүү мамлекеттик органдарга ыкчам түрдө жаңы имараттын курулушу боюнча иш-чараларды аткарууну тапшырды.

Ал эми Падек айылындагы 275 орундуу жаңы мектеп 2-сентябрда окуучуларды кабыл алууга даяр. Азыр мында курулуш жумуштарынын 95 пайызы бүткөрүлдү. Эгемендик күнүнө карата билим берүү уясынын ачылыш аземи өткөрүлөт. Буга чейинки мектеп жараксыз абалга кептелгендиктен жаңысын куруу чечими кабыл алынган. Төрт жыл мурда курулуш жумуштары башталып, ортодон токтоп калып, кайра 2017-жылы курулуш жумуштары жандандырылган. Т. Жоробеков атындагы орто мектептин курулуш иштеринен Өкмөт башчы да кабар алды. Жаңы мектепти салууга каражат республикалык бюджеттен бөлүнгөн, анын сметалык баасы 59 млн. сомду түзөт.

Өкмөт башчы жумуш сапарынын алкагында Аксы районунун Т.Балагулов айыл аймагындагы ички чарбалык каналды калыбына келтирүү долбоору менен да таанышты. Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев маалымдагандай, долбоор Бүткүл дүйнөлүк өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланат. Долбоордун жалпы сметалык баасы 48 млн 832 миң сом. Каналдын курулушу 200 гектар жаңы сугат жерин иштетүүгө шарт түзөт.

Муну менен катар Абылгазиев Аксыдагы Ак-Терек каналынын курулушу менен да таанышты. Бул канал ишке берилсе Кашка-Суу, Жерге-Тал, Кош-Дөбө айылдарында жана Ренжит өрөөнүнүн башка тилкелеринде 7 миң гектарга жакын жерди сугарууга шарт түзүлөт. Канал аймак үчүн стратегиялык мааниге ээ. Курулуп бүткөн соң Беш-Батман каналынын уландысы болот.

Ала-Бука районунда мал союучу жай иштей баштаганы жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болду. Цехтин өндүрүштүк кубаттуулугу 200 баш майда малды жана 40 башка чейин ири мүйүздүү малды түзөт. Завод Евразия экономикалык биримдигинин бардык талаптарына дал келет. Өндүрүлгөн продукция чет жакка, негизги бөлүгү Өзбекстанга экспорттолот. Ала-Бука айылында жайгашкан ишкананы ишке берүү үчүн «Айыл чарбасын каржылоо» программасынын алкагында жылдык 6% үстөгү менен 7 млн сом өлчөмүндө насыя алынган. Эл аралык стандарттарга жооп бере турган өндүрүштүк технология орнотулган.

Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Премьер-министр Аксы районунун Кербен шаарындагы аэропорттун жаңы имараты менен да таанышты. Аймактардагы аэропорттордун ишинин жанданышы туризмдин өнүгүшүнө өбөлгө түзөөрүн белгилеген Абылгазиев. Өкмөт бул багыттагы жумуштарды ыкчамдатып жатканын кошумчалады. 2018-2019-жылдардын аралыгында аэропортто оңдоп-түздөө иштери 10 млн. сомго жүргүзүлдү. Аэробекет оңдолуп, учуучу, конуучу тилке жаңы салынды. Учурда аба майдан учактарды кабыл алууга даяр.