Жаңылыктар
Борбордук автобекеттеги көйгөй
Кыргызстан жаңылыктары
Борбордук автобекеттеги көйгөй

Жайкы мезгилде Бишкек - Чолпон-Ата каттамы көпчүлүк эс алуучулардын багыт алган жолуна айланат. Жүргүнчүлөрдүн көбү борбордогу эки чоң автобекеттен өз жолун улайт. Калаадагы Батыш автобекетинин сыртында турган унаалар жол кыймылына көп тоскоолдуктарды жаратат. Мындай тартиптин жоктугу шаар тургундарын гана эмес, айдоочулардын өзүн да бушайман кылууда.

Нурлан Карабеков Бишкек - Чолпон-Ата - Ананьев багытындагы каттамда 19 жылдан бери айдоочу. Ал күн сайын Ысык-Көлгө бараар алдында өзүнүн унаасын кароодон өткөрөт. Техникалык бөлүгүнөн тышкары, унаанын тазалыгына көңүл бурат.

"Бишкек автобекет" мамлекеттик ишканасы сыйымдуулугу көп ыңгайлуу автобустарды Ысык-Көл багыты боюнча күн сайын жүргүзөт. Мындан тышкары, жеке менчик компаниялар орун алган, ишканалар менен келишимдер бар, алар кичи автобустар менен жүргүнчүлөрдү ташыйт. Ал эми компаниянын айдоочуларынын баарында уруксат кагаздары бар.

Ошол эле учурда, Батыш автобекетинин аймагында жол көзөмөлдөө кызматкерлери такси кызматы үчүн патент албаган маршруттук таксилердин айдоочуларын текшерип, айып салып жатышты.

Тыюу салынган жерге токтогондорго атайын эвакуатор чакырылган. Ошондой эле кээ бир жүргүнчүлөрдү ташыган маршруттук таксилердин патенттери такыр эле жок болуп чыкты.

Айдоочунун мыйзамдуу же мыйзамсыз унаа айдап жүргөнүн билүү өтө эле кыйын. Ошондуктан, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери жолго чыгуунун алдында жүргүнчүлөрдү айдоочудан зарыл болгон документтерди талап кылууну сунуш кылат.

Эске салсак, жайдан бери Ысык-көлгө баратып эл ташыган 3 кичи автобус жол кырсыгына кабылган. Иликтөөдө айдоочулар жүргүнчүлөрдү уруксаат документсиз, жалданып кетип баратканда кырсыкка учураган. Ал эми башка бир унаанын аядоочусу уктап кеткендиги аныкталган.