Жаңылыктар
Жалал-Абадда электрондук кезек ишке кирди
Билим
Жалал-Абадда электрондук кезек ишке кирди

Жалал-Абад шаарында балдарды мектептердин 1-классына каттоо электрондук кезек аркылуу жүрүп жатат. Билим берүү жана илим министрлиги балдарды мектептерге кабыл алууда коррупциялык жагдайларга бөгөт коюу, ата-энелерди ашыкча убаракерчиликтен арылтуу максатында автоматташтырылган электрондук кезек тутумун жер-жерде ишке киргизен. 

Гулнара Насированын кызы быйыл 1-класстын босогосун аттады. Азыр ал мектепке талап кылынган документтерин алып келип, каттоодон өткөрдү. Бирок Гулнара айым буга чейин үйүндө отуруп эле телефону аркылуу электрондук кезектин каттоосунан өтүп койгон болчу.

Электрондук кезекке туруу эң жөнөкөй. Ал үчүн смартфондон же компьютерден “Jalal-Abad edu.kg” дарегин терип, ал жактан анкета толтурулат. Ушул тапта шаар боюнча 1 миң 700 бала электрондук кезек аркылуу каттоодон өттү. Жылына калаа боюнча 2 миңден ашуун бала биринчи класска барат.

Электрондук кезектен сырткары Жалал-Абад шаарынын мектептеринде жаңы окуу жылынан тартып, электрондук күндөлүктү ишке берүү аракеттери көрүлүп жатат. Адистердин белгилөөсүндө, электрондук күндөлүк балдардын билим алуусун жакшыртууга чоң жардам берет. Ата-энелер балдарынын сабакка катышып-катышпаганын, кандай баа алганын, жада калса кандай үй тапшырмалары берилгенин телефонуна көчүрүлгөн тиркеме аркылуу көруп турууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Жаңы 2019-2020-окуу жылына карата Жалал-Абад шаарындагы мектептер дээрлик даяр. Утурумдук оңдоп-түзөө иштери бүткөн. Калаа боюнча 20 мектеп бар.