Жаңылыктар
Ок атуудан жаракат алган чек арачылар дарыланууда
Ден соолук
Ок атуудан жаракат алган чек арачылар дарыланууда

15-августта Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев 22-23-июль күндөрү чек ара тилкесинде болгон чыр-чатактын натыйжасында ок атуудан жаракат алган чек арачылар менен жолугушту.

Төрт аскер кызматкери Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетине караштуу Беш-Күнгөй айылындагы аскердик госпиталда дарыланып жатат. Азыркы убакта чек арачылардын ден соолугу канааттандыраарлык.

Төрага ар бир аскер кызматчысы менен маектешип, милдеттерин кынтыксыз аткаргандыгы үчүн аларга ыраазычылык билдирип, кайра катарга кошулуп, кызматтарын улантарына үмүт артарын билдирди.